Жаңылыктар
Талант Мамытов күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен машыктыруучулар курамын куттуктады
Спорт
Талант Мамытов күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен машыктыруучулар курамын куттуктады

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлеген күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен машыктыруучулар курамын куттуктады.

Иш-чарага байгелүү орун алган спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Жоломан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Айпери Медет кызы, Исламбек Орозбеков, ошондой эле машыктыруучулар штабы катышты. Спортчу Айаал Лазерев шаарда болбогондугуна байланыштуу иш-чарага келе алган жок. 

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу куттуктоо сөзүндө кыргызстандык балбандар Дүйнө кубогунда 3 алтын жана 5 коло медалды багындырышып, жыйынтыгында жалпы медалдар боюнча 2-командалык орунду ээлеп, татыктуу натыйжаларды көрсөткөндүгүн белгиледи. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов спортчуларга жана машыктыруучуларга Мамлекет башчысынын резервдик фондунан бөлүнгөн акчалай сыйлыктарды тапшырды.