Жаңылыктар
Ташкентте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөт көргөзмөсү ачылды
Маданият
Ташкентте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөт көргөзмөсү ачылды

Ташкенттеги сүрөттөр үйүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү ачылды. К

өргөзмө Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Шанхай Кызматташтык Уюмунун Өзбекстандагы Элдик дипломатия борбору менен биргеликте уюштурулуп, ага ШКУнун Элдик дипломатия борборунун директору Кобилжон Собиров, Өзбекстандагы Кыргыз улуттук маданий борборунун төрагасы Рахматулла Жаббаров, ошондой эле Өзбекстандын Көркөм академиясынын, Жазуучулар союзунун, Ташкенттеги дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, мекендештер катышты. 

Сүрөт көргөзмөдө биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун уулу, жазуучунун Үй-музейинин жетекчиси Элдар Айтматовдун үй-бүлөлүк архивинен алынган 70тен ашуун сүрөттөр көрсөтүлдү.