Жаңылыктар
Эл саламаттыгына арналган өмүр
Ден соолук
Эл саламаттыгына арналган өмүр

Тилла Кенжебаева кесибинин анык күйөрманы. Айылдаштары да аны кудайдан келген дарыгер деп да коюшат. Жашы пенсия курагын эбак ашса да күнүмдүк иш убактысыда тыным жок. Айрым күндөрү кырктан ашык бейтапты кабыл алып үлгүрөт. Башка айласы жок. Анткени ал айылдагы жалгыз дарыгер. Өмүрүнүн отуз жылын дал ушул эл саламаттыгына арнады.

Дарыгердин айтымында, акыркы убакта айылдаштарынын көбү жүрөк кан тамыр оорусу менен кайрылып жатат. Ал ар бирине көз салып, туура тамактануу менен нерв системасына күч келтирүүдөн этият болуу керектигин эскертет. Элеттин дарыгерге келгендердин ичинен эң эле өзгөчө мамилени талап кылгандар, албетте жаш балдар менен ымыркайлар. Тилла Кенжебаева алардын да тилин эчак тапкан. Орто Азия айылында учурда 5 жашка чейинки бөбөктөрдүн саны 1200дү түзөт.

Сайпидин Мавлянов ойноп жүрүп кокустан жыгылган неберсин дароо мында алып келген. Ал айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардамы ар дайым эл оозунда дейт. Болбосо айыл эли буга чейин райондук, же облустук ооруканага каттап келишкен.

Орто Азия айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда Тилла Кенжебаевадан башка дагы 4 медайым бар. Баардыгы өз кесибин сүйгөн кызматкерлер. Ак эмгек эч качан кайтарымсыз калбайт деген сыңары, ден соолук сакчыларынын элге көрсөткөн кызматынын акыбети кайтып, быйыл айылда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн жаңы имарат салына баштады. Мунун бары эл демилгеси менен ишке ашып жатат. Анткени дарыгерлер буга чейин эскирген, тар имаратта иштеп келишкен. 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118