Жаңылыктар
Режиссёр Эмил Атагелдиевдин "Көл" тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлүүдө
Маданият
Режиссёр Эмил Атагелдиевдин "Көл" тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлүүдө

Режиссёр Эмил Атагелдиев тарткан "Көл" тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлө баштады. Фильмде үй-бүлөлүк баалуулуктар, дин маселеси камтылып, Ысык-Көлдө балык сыяктуу жашаган байыркы ата-бабалардын жан-дүйнөсү тууралуу да баяндалат. Тасма бир катар эл аралык фестивалдарга чакыруу алып, "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлүүдө.

“Кинодо үй-бүлө маселеси, динге байланышкан көз караштар, оор экономикалык абалдан улам келип чыккан социалдык көйгөйлөрдү калк кандай көтөрүп жатканы тууралуу да баяндалат. Көрүүчүлөр фильмден кандайдыр бир идеяны алат деп ойлойм”,- деди кинорежиссёр Эмил Атагелдиев.