Жаңылыктар
Бишкекте "Жаралыш" аталышындагы музыкалык спектакль көрсөтүлдү
Маданият
Бишкекте "Жаралыш" аталышындагы музыкалык спектакль көрсөтүлдү

Бишкекте "Жаралыш" аталышындагы музыкалык спектакль коюлду. Комуз, кыл кыяк, барабан өңдүү бир катар аспаптардын коштоосунда тартууланган музыканы "Кыргыз кайрык" музыкалык долбоорунун таланттуу жаш катышуучулары жазган. 

Негизги максат - кыргыздын салттык музыкасын жаш муунга тартуулап, ар бир жоготуунун, ар бир кыйынчылыктын артында жаңы жашоонун жаралышы бар деген түшүнүктү берүү. Уюштуруучулардын айтымында, жаңы стилдеги заманбап музыка менен тартууланган спектаклде кыргыз элинин тагдыры, акыйкат жана чындык үчүн күрөш чагылдырылат.