Жаңылыктар
Екатеринбург: Башкы консулдукта президенттик шайлоого жана референдумга даярдыктар көрүлүүдө
Мекендештер
Екатеринбург: Башкы консулдукта президенттик шайлоого жана референдумга даярдыктар көрүлүүдө

Екатеринбургдагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда иш кызуу жүрүп жатат. Мекендештер көбүнчө бул жерге жаңы документтерди алуу үчүн келет. Мындан тышкары, алдыдагы шайлоого карата даярдыктар көрүлүүдө. 

Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун кызматкерлеринде бош отуруу жок. Түн бир оокумга чейин келген адамдардын саны үзүлбөйт. Мекендештер консулдук каттоодон өтүп, алдыдагы президенттик шайлоого жана референдумга даярдыктар көрүлүүдө.

Консулдук каттоодон өткөн жарандар автоматтык түрдө шайлоочулардын тизмесине киргизиле тургандыгын белгилей кетүү керек. Дагы бир жаңылык, Тюмень облусунда шайлоо участогунун ачылышы болду.