Жаңылыктар
Айт намаз Жеңиш аянтынын жанында өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Айт намаз Жеңиш аянтынын жанында өтөт

Айт намаз 5-июль күнү эртең мененки саат 7:30да Жеңиш аянтынын жанында өтөт. Бул тууралуу КТРКга  Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Намаз окууга ниети бар жарандар аянтка саат 6да чогулуп баштаса болот. Саат 7де Орозо айт майрамына арналган куттуктоолор жаңырат.

Ал эми айт намазы жети жарымда башталып, саат 8ге чейин уланат. Муфтияттын Фатфа бөлүмүнүн жетекчиси Равшан Эратовдун айтымында бул күнү жарандар ниети менен көңүлүн тазартып, азанга чейин аянтта жаңыра турган хадистерди угушу керек. Кечигип келгендер жамаатка кошулуп, намаз окуй беришсе болот. 

Эске салсак, буга чейин айт намазы борбордогу эски аянтта окулуп келген. Учурда ал жакта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, быйылкы Орозо айт намазын Жеңиш аянтынын жанына жылдырууга туура келген. 5-июль күнү эрте менен саат 5тен 9:30га чейин Айт намазга байланыштуу Чүй проспектиси, Жибек Жолу, Гоголь жана Абдрахманов көчөлөрүнө убактылуу чектөө киргизилет.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118