Жаңылыктар
Казакстандан алынган көгүлтүр оттун карызы төлөндү
Экономика
Казакстандан алынган көгүлтүр оттун карызы төлөндү

Кыргызстан - Казакстандан алынган көгүлтүр от үчүн 2004-жылдан бери топтолгон 41 миллион 700 миң доллар карызын төлөдү. Бул сумманы «Газпром Кыргызстан» компаниясы «КазТрансГаздын» эсебине которуп берди. Казакстандан алынган газ өлкөнүн түндүк аймагын камсыздоого жумшалат, ал эми Ош облусуна көгүлтүр от Өзбекстандан келет.

Белгилей кетсек «Газпром Кыргызстан» иштей баштагандан бери бюджетке жана мамлекеттик структураларга болгон 900 миллион сомдун тегерегиндеги карызын толугу менен төлөгөн.