Жаңылыктар
Роман Царев улуттук курамадан четтетилди
Спорт
Роман Царев улуттук курамадан четтетилди

Спортчунун этикасынын кодексинин 5-бөлүмүнүн 15-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Роман Царев 2020-жылдын 23-декабрдан тартып улуттук курамадан четтетилди.

Кодекстин 5-бөлүмүндө тартипсиздик жоруктарды жасагандыгы үчүн, анын ичинде ушул кодекстин жоболорун аткарбаганда же туура эмес аткарганда кодекстин негизинде спортчуга карата атайын чаралар көрүлөөрү белгиленген.

Эскерте кетсек, аталган Кодекс 2017-жылдын 3-майында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бекитилген.

Жүктөө: Спортчулардын этикасынын кодекси

Белгилей кетсек, Мамагенттиктин 2019-жылы 12-сентябрда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасына кабыл алуу жобосунун жана машыктыруучулардын кеңешинин  негизинде, 2020-жылдын 11-12-январында өткөн Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча чемпионатында Роман Царев 72 кг салмак категориясында 1-орунду ээлегендиги үчүн улуттук курама командасына киргизилген.