Жаңылыктар
Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал жакшырса, 3-чейректен баштап окуучулар мектепке барышат
Спорт
Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал жакшырса, 3-чейректен баштап окуучулар мектепке барышат

Аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал жакшырганына байланыштуу мектеп окуучулары кадимки тартипте билим алууда. Алсак, өлкө аймагы боюнча 1915 мектеп билим берүүнүн офлайн түрүнө өткөн. Борбор калаада вирустун таркалышынын көрсөткүчү жакшырса, 3-чейректен баштап Бишкек шаарындагы мектептердин окуучулары билим уяларына барып окуйт. Ал эми кышкы каникул жаңырган жылдын 11-январына чейин созулат.

Пандемияга байланыштуу киргизилген карантин учурунда өткөн окуу жылында мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү процессин үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында, 4-чейректи уюштуруу үчүн атайын тандалган предметтик мугалимдер 14 сабак боюнча 1000 телесабак даярдап, 6 телеканалда көрсөтүлдү. Kitep.edugov.kg сыяктуу бир нече электрондук китепканалар түзүлүп, миңге жакын окуу куралдары жайгаштырылган.