Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жол картасына кол коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков менен Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Сардор Умурзаков онлайн конференция өткөрүп, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, өз-ара соода көлөмүн кеңейтүү, ошондой эле өнөр жай жана айыл-чарба тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, чек аралаш аймактарга соода-логистикалык борборлорду жана эркин экономикалык аймактарды ачуу маселелерин талкуулашты.
«Эки өлкөнүн Экономика, Айыл-чарба, Транспорт министрликтери жана бажы органдары ортодогу товар экспорттоодо, товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүдө, айыл-чарба, өнөр-жай жана транспорттук-транзиттик тармактардагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду кеңейтүүдө келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү үчүн туруктуу жумушчу топторду түзүү туралуу макулдашууга жетишти. Мындан тышкары Кыргызстандын аймагында жеке секторду тартуу менен биргелешкен кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүүнүн механизмдери жана техникалык деталдары талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жол картасына кол коюлду», — деп жазылган өкмөттүн билдирүүсүндө.
Декабрдын башында Ферганада Новиков менен Умурзаков жолуккандан кийин каржылык кызматташуу тууралуу келишимдин алкагында 50 миллион долларлык капиталы менен кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү чечими кабыл алынган.