Жаңылыктар
Өрт өчүрүү кызматындагы көйгөй
Өзгөчө кырдаал
Өрт өчүрүү кызматындагы көйгөй

Бишкек шаардык өрт өчүрүү кызматында 15 кабаттуу үйгө эсептелген бир гана атайын техника бар. Бул тууралуу Өрт кырсыгын алдын алуу боюнча башкармалыктын жетекчиси билдирди.

Анын айтымында, ушул жылы эле жаңы конуштарда 4 өрт кырсыгы болгон. “Ал учурда тилсиз жоону басууга шартыбыз болгон менен, көп кабаттуу үйлөрдөгү кырсыкты жоюга техникабыз жетпейт, себеби бир гана унаабыз бар”, - деди башкармалыктын жетекчиси. 

Ошондой эле, атайын адистердин да жетишсиздигин белгиледи. Өрт кырсыгын алдын алуу боюнча башкармалыктан билдиргендей, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өкмөт менен биргеликте, керектүү техника менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп баштады.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118