Жаңылыктар
Референдумга үгүт топторун каттоо уланууда. Жалпы 13 үгүт топ катталды
Шайлоо 2023
Референдумга үгүт топторун каттоо уланууда. Жалпы 13 үгүт топ катталды

10-январга дайындалган референдумда Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоого карата “каршы” жана “үгүт” топтору катталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришкендей, жалпы 13 үгүт топ катталды. 

Анын ичинде президенттик башкаруу формасы үчүн “макул” деп үгүттөөчү 8, президенттик башкаруу формасына “каршы” – 1, парламенттик башкаруу формасы үчүн “макул” деп үгүттөөчү 2, бардык варианттарга каршы 2 үгүт тобу бар. Мыйзам жалпы элдик добуш берүүнүн алдында референдумга коюлган маселелерди колдогондордун жана каршылардын үгүт тобун түзүүгө уруксат берет. Алар референдумду утурлай парламенттик же президенттик башкарууну тандоо үчүн элди үгүттөшөт. 

10-январда Кыргызстандын президентин шайлоо менен чогуу жарандар өлкөнү башкаруу формасын тандашат. Анда шайлоочулар президенттик же парламенттик башкаруу ыкмасын колдой турганын же бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек. 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо башкаруу тартибин аныктаган референдум өткөрүү тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш 10-декабрда кабыл алган.