Жаңылыктар
Европа өлкөлөрүндө коронавируска каршы калкты жапырт эмдөө башталды
Дүйнө
Европа өлкөлөрүндө коронавируска каршы калкты жапырт эмдөө башталды

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдө жекшемби күндөн тартып коронавируска каршы калкты жапырт эмдөө башталды. 

«Интерфакс» агенттигинин маалыматына караганда, эмдөөдө тобокелдик тобуна кирген жарандарга, анын ичинде улгайган адамдарга артыкчылык берилет. Германия, Франция, Австрия, Италия, Испания жана Болгария эмдөө иштерин жекшемби күндөрү баштаса, Бельгия менен Люксембургда 28-декабрда, Нидерландыда 8-январда башталат деп күтүлүүдө. 

Буга чейин вакцина чыгарган «Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары жыл соңуна чейин Европа Биримдигине 12,5 миллион доза вакцина жеткирүүгө даяр экенин билдиришкен. Мурдараак Европанын дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө агенттиги бул вакцинанын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, аны жактырган. Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коронавируска каршы «Pfizer-BioNTech» вакцинасы колдонулууда. Буга чейин АКШ, Британия, Канада, Израиль эмдөөнү баштаган.