Жаңылыктар
Чаек айылы 2020-жылдын жыйынтыгы менен мыкты айыл өкмөттөрдүн катарына кирди
Аймак
Чаек айылы 2020-жылдын жыйынтыгы менен мыкты айыл өкмөттөрдүн катарына кирди

Нарындын Жумгал районунун борбору Чаек айылы 2020-жылдын жыйынтыгы менен мыкты айыл өкмөттөрдүн катарына кирип, 500 миң сом сыйлыкка татыды. Аталган айыл мындан төрт жыл мурда эле дотациядан чыгып, өзүн каржылоого жетишкен. 13 миңге чукул калкы бар айылда бир катар ишканалар иштеп, инфратүзүмү оңолууда.

Жумгалдын Чаек айылы Бишкектен 320, Нарындын борборунан 224 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жалпы 13 миңге чукул калк жашап, көбүнчө эл мал чарбасы менен алектенет. Көп жыл бою дотацияда турган айыл өкмөт төрт жылдан бери өзүн каржылоого өтүп, үлгү көрсөтүүгө да жетишти.

Албетте элеттеги орчундуу маселе жумушсуздук. Бирок чаектиктер бул багытта иш билгилигин көрсөтүп, өндүрүшкө да бел байлашкан. Мында бир катар кайра иштетүүчү ишканалар түптөлүп, жергиликтүлөрдү жумуш менен камсыздап келет. Алардын арасында Алма Абакирова негиздеген ар кандай таттуу токочторду чыгаруучу цех кирешенин булагы болуп калды. Ал жеке эле элет жерин продукция менен камсыз кылбастан райондун 24 мектебине өз продукциясын таратат.