Жаңылыктар
Талас мамлекеттик университетинин эки студенти президенттик стипендияга татыктуу болушту
Билим
Талас мамлекеттик университетинин эки студенти президенттик стипендияга татыктуу болушту

Президенттик стипендияга арзыган өлкөнүн алдыңкы студенттеринин катарында Таластык Ярословна Сашнина жана Аиза Кадырбекова да бар. Алар Талас мамлекеттик университетинин студенттери. Окуунун алдыңкыларынын бири келечектеги Орус тили мугалими болсо, экинчиси Табият таануу боюнча адистикти өздөштүрүүдө. Белгилей кетсек, быйылы окуу жылында өлкө боюнча жогорку окуу жайлардын 70 студенти президенттик стипендияга татыктуу деп аныкталып, аларга Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун колунан Ардак грамоталар тапшырылган.

Аиза Кадырбекова Талас мамлекеттик университетинин 4-курсунунун студенти. Ал университеттеги алгачкы күндөн тартып эле окуунун алдынкысы болуу менен катар, коомдук иштерде да активдүү катышып келет. Ал тургай келечектин ийгиликтүү инсаны болуу үчүн туура максаттарды тандоо боюнча демилгелүү жаштар менен иштешүүнү колго алган. Учурда 50гө жакын студентке окуудагы жетишкендиктерин тажрыйба иретинде бөлүшүп келет. Аиза Президенттик стипендиант болуу максатын 2-курсунда эле койгон.

Аизанын жаштарга кеңеши, ийгиликтүү болуу үчүн сөзсүз эле борбордогу окуу жайларга окуу маанилүү эмес дейт. Себеби аймактагы окуу жайларда да чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилейт. Ал өзү окуп жаткан Табият таануу факультетинде эле окуудагы жакшы көрсөткүчү аркылуу эл аралык долбоорлор менен чет өлкөдө жүргөн 60тан ашуун студент бар экенин мисал келтирет.