Жаңылыктар
Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында кайрадан жер титиреди
Өзгөчө кырдаал
Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында кайрадан жер титиреди

2020-жылдын 29-декабрь күнү саат 07:49да Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында 4 балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.