Япония бийлиги бардык мамлекеттердин жана аймактардын жарандарын өлкө ичине кирүүгө убактылуу тыюу салды.
“Kyodo” маалымат агенттигинин билдиришинче, чектөө дүйшөмбү күндөн тарта күчүнө кирип, 2021-жылдын январь айынын аягына чейин созулат. Үч күн мурда өлкөдө вирусту жуктурган 3 миң 877 учур аныкталып, жаңы рекорд катталды. Алардын экөөнөн вирустун мутацияланган жаңы түрү аныкталды.