Жаңылыктар
Баренцево деңизинде Орусиянын кемеси чөгүп кетти
Дүйнө
Баренцево деңизинде Орусиянын кемеси чөгүп кетти

Баренцево деңизинде Орусиянын кемеси чөгүп кетти. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазып чыкты. Балык уулоочу "Онега" кемесинин бортунда 19 киши болгон. 

Эки балыкчы куткарылып, калгандарын издөө уланууда. Баштапкы маалыматтар боюнча, кеменин сыртын муз каптап, тоңуп калганына байланыштуу ал чөгүп кеткен. Дүйшөмбү күндөн тарта издөө-куткаруу иштерине «Войково» кемеси тартылды. 

Ошондой эле, окуя болгон жерге дагы үч кеме жөнөтүлдү. Аба ырайынын начардыгына байланыштуу издөөгө авиация катышкан жок. Орусиянын Тергөө комитети тарабынан суу жана деңиз транспортун пайдалануу эрежесин бузуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.