Жаңылыктар
Москвада мекендештер 2020-жылды ыр-бий менен узатып, "Көгүлтүр от" уюштурушту
Мекендештер
Москвада мекендештер 2020-жылды ыр-бий менен узатып, "Көгүлтүр от" уюштурушту

Россиядагы кыргызстандыктар 2020-жылды ыр-бий менен узатууда. Чычкан жылы алар пандемиянын оор күндөрүн баштан кечирди. Көпчүлүгү ооруп, айлап мекенге кайтып бара алган жок. Алар ушул кыйынчылыктардын бардыгы артта калып, уй жылы молчулуктун жылы болуп, эң негизгиси аманчылык болсун деген тилектерин билдирди. Москвадан кесиптешибиз Мирбек Молдакунов мекендештердин жаңы жылдык иш-чарасына катышкан.

Москвада мекендештер "Көгүлтүр от" уюштурду. Жаңырган ыр-бий, оюндар, белектер. Эмгек миграциясына арналган тема дагы жок эмес. Бүгүнкү күндө көпчүлүк кыргызстандыктар жууп-тазалоочу ишканаларда, турак жай-коммуналдык кызматтарда, такси айдоочу, ашпозчу, тигүүчү, мугалим, дарыгер, менеджер болуп иштешет. Тил билүү мекендештерге жакшы кызматтарда жумуш табууга мүмкүнчүлүк берет.