Жаңылыктар
ӨКМ майрамдык шаан-шөөкөт учурунда өрт коопсуздугун сактоого чакырат
Экономика
ӨКМ майрамдык шаан-шөөкөт учурунда өрт коопсуздугун сактоого чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана өрт коопсуздугун алдын алуу кызматы жыл жаңырган мезгилди өрт коркунучу күчөгөн учур болот деп кооптонушат. Жаңы жылдык майрамдарга карата жарандардын жарык берүүчү лампаларды, ар кандай жарылгыч заттарды колдонуусу чындыгында олуттуу өрттүн чыгуусуна себеп болот. Мындан улам өрткө каршы кызматы коомчулукка кайрылып, майрамдык шаан-шөөкөт учурунда өрт коопсуздугун сактоого чакырууда.

Жыл ичиндеги өрт эң көп катталган учур кыш мезгили болсо, өзгөчө тилсиз жоонун эң кооптуу убагы жаңы жылдык майрамдарга туура келет. Өрт кызматы билдиргендей, жаңы жылдык балатыны кооздой турган лампалардын күн бою өчүрүлбөй күйүп турушу, жарандардын жарылгыч заттарды туура эмес колдонуусу үй-бүлө үчүн эле эмес, коомчулук үчүн да коркунуч алып келет.

Анткен менен жаңы жылдык жардыргыч заттарын колдонуу жылдан жылга азайып баратат. Демейде 15-январга чейин базарларда эң көп сатылчу питардалар быйыл анча өтүмдүү эмес. Ошентсе да январдын орто ченине чейин, базарларда жана эл көп кездешкен соода аянтчаларында өрт коопсуздугун алдын алуучу иш-чаралар токтобойт.

Дал ушундай түшүндүрүү иштеринин натыйжасында быйыл Кыргызстанда өрт кырсыгы жылдагыдан аз катталып, былтыркыга салыштырмалуу 30 пайызга кыскарган. Бирок кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны өткөн жылдагыдай эле сандарды көрсөтөт. 2020-жылдын 28-декабрына чейин республика боюнча 2725 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоодон 128 адам куткарылып, 5 млрд сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калган.