Россиянын борборунда мекендештер жаңы жыл майрамын ыр, бий менен белгилөөдө. Москвадагы кыргызстандыктар өтүп бара жаткан жылды кемеде узатууда. Шаттуу музыка, бий жана жакшы маанай.
2020-жыл бир эле жагымсыз жаңылыктарга бай болгон жок. Көптөгөн наристелер төрөлдү, жаңы үй-бүлөлөр курулду. Мекендешибиз Бактыгүл Айбашованын жыл башында тилек кылган максаты ишке ашты.