Жаңылыктар
Италияда асманга атылган салюттардын айынан жүздөгөн куштар өлдү
Дүйнө
Италияда асманга атылган салюттардын айынан жүздөгөн куштар өлдү

Римде жаңы жылдык салюттан улам жүздөгөн канаттуулар кырылды. Corriere della Sera билдиргендей, куштардын өлүктөрү Термини, Эскилино жана Виа Назионале темир жол бекеттеринде жатты.

Куштар Римди каптаган ар кандай кубаттуулуктагы фейерверктер менен салюттардын жарылуусунан чочуп кырылган. Жерге кулап түшкөн куштардын өлүктөрү социалдык тармактарда жума күнү эртең менен тартылып, көптөгөн сайттарда сүрөттөр жана видеолор жайгаштырылды.

Видеонун авторлорунун бири: “ Кечирип койгула, бул көрүнүштөн кийин майрамдагым да келбей калды. Көчөдө жүздөгөн өлүк чымчыктар жатат”-деп жазган.