Жаңылыктар
COVID-19: Акыркы суткада Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок
Дүйнө
COVID-19: Акыркы суткада Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок

Акыркы сутканын ичинде Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Айтсак, 30-апрелден бери Тажикстанда жалпы 13 миң 300 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 12 миң 980 адам айыкса, оорунун кесепетинен 90 адам көз жумду. Ал эми соңку суткада Казакстанда 645 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди. 

Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 157 миң 579 адам COVID-19 жуктуруп алган.