Жаңылыктар
Саны көп сапатсыз батирлер арбыдыбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Саны көп сапатсыз батирлер арбыдыбы?

Борбор калаабызда жаңы салынган көп кабаттуу батирлердин саны көп. Бирок  алар канчалык деңгээлде  сапаттуу  курулду  деген суроо  көпчүлүктү ойлондурат. Жердин силкинисүүнө туруштук бере алабы?  Өрт коопсуздугуна ылайыкталып салынганбы? Калк канчалык деңгээлде батирди  алданбай  сатып алуусуна  кепилдик бар?

Кыргызстанда 150гө жакын курулуш компаниялары иш алып барат. Алардын катарында ийгиликтүү иш алып барып, кардарларды ыраазы кылгандары дагы жок эмес.  Адистердин айтымында, батир сатып алууну көздөгөн жарандар, арзан баасына гана эмес, сөзсүз түрдө документтеринин тактыгына  жана үйдүн курулуш материалдарынын сапаттуулугуна маани берип,  курулуш компаниялардан талап кылуусу зарыл.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"