Бүгүн Коомдук биринчи каналда референдумга байланыштуу дебат өтөт. Президенттик жана парламенттик башкарууну жактаган, ошондой эле аларга каршы топтор теле аркылуу таймашат.
Борбордук шайлоо комиссиясында каттоодон өткөн 15 үгүт тобу 5 багыт боюнча өз позицияларын жактайт. 4-5-январь күндөрүнө белгиленген теледебаттар кечки саат 20:00дө башталып, эки саатка созулат.
“Мисалы президенттик башкарууну жактагандар абдан көп болуп жатат. Алар 8 топ. Бирок биз ал топтордун санына жараша эмес. Позицияларга карата убакыт бөлөбүз. Дебаттын жүрүшүндө ошол 8 топ өз ойлорун, пикирлерин 20 мүнөткө батырышы керек. Кандай форматта үгүт жүргүзөт, өз эрки. Балким баары бир эле чыгат, балким кезек-кезеги менен”,- деди КТРКнын “Маалымат” бирикмесинин шеф-редактору Бактияр Тукеев.