Кара өрүк аксылыктардын көбү үчүн үй-бүлөлүк кирешенин булагы. Мында жылына 12 миң тоннадай кара өрүк жыйналат. Дыйкандар анын 30 пайызын гана кургатууга үлгүрүшөт.
Эң көп кургаткандар 20-30 тоннага чейин жетет. Бирок, былтыр жаратылыш кырсыгынан улам түшүм жакшы болгон эмес. Мөмө аз болгону менен, кагы башка жылдарга салыштырмалуу жогору бааланууда. Көпчүлүк дыйкандар кургаткан кагын сатып бүтсө, ушул тапта кампасында сактап койгондор да бар.
Болот Барпиев кургатып даярдаган кара өрүк кагын сактап отурат. Ушул тапта кампасында 4 тонна как бар. Былтыр күзүндө 7 тонна кургатып, 3 тоннасын буга чейин саткан. Жакында эле кардарлар килосун 98 сомдон сурап келгенде берген эмес. Кара өрүктү кургатуу чоң мээнет менен каражатты талап кылгат. Түйшүккө жараша пайда көрүү үчүн, Болот мырза баа жогорулаганда сатууну көздөп турат.