Жаңылыктар
ЖККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери жолукту
Саясат
ЖККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери жолукту

4-июльда Ереванда ЖККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери жолукту. Анда терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш боюнча биргелешкен күч-аракеттер жолугушуунун башкы темасы болду.

Бул тууралуу “Биринчи радиого” Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Талдоочулар уюм тарабынан өз убагында жардам берилбесе да өлкө үчүн зарылдыгы өзгөчө экенин белгилейт. Коомчулук Түркиянын Стамбул шаарындагы теракка аза күтүп бүтө электе, дүйшөмбүдө Сауд Арабиянын Медина шаарында жарылуу болуп, 5 адам каза болгону айтылууда.