Жаңылыктар
Президенттик шайлоодо элдин саламаттыгына кам көрүү максатында атайын алгоритм иштелип чыкты
Шайлоо 2023
Президенттик шайлоодо элдин саламаттыгына кам көрүү максатында атайын алгоритм иштелип чыкты

10-январда боло турган президенттик шайлоо жана референдум күнүнө карата Саламаттык сактоо министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте шайлоо учурунда элдин саламаттыгына кам көрүү жана санитардык эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын алгоритм иштеп чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өкмөт үйүндө өткөн брифинде билдирди. 

Айтымында, шайлоо учурунда иш алып бара турган бардык кызматкерлер, анын ичинде дарыгерлер медициналык каражаттар менен толук камсыз болушат. Ошондой эле, ар бир шайлоо участогунда антисептик коюлуп, залалсыздандыруу иштери жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, соңку бир күндүн ичинде коронавирус жуктурган жаңы 124 учур катталып, 227 бейтап ооруканадан айыгып чыкса, каза болгондор катталган жок. 

Вирус жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүнүн тургундары. Өлкөдө пандемия башталгандан бери илдетке чалдыккандардын жалпы саны 81 миң 512ге жетти. Алардын ичинен 76 миң 955 киши айыгып чыкса, 1 миң 360 адам каза болду.