Жаңылыктар
Улуу Британияга пандемиянын айынан үчүнчү ирет карантин киргизилди
Дүйнө
Улуу Британияга пандемиянын айынан үчүнчү ирет карантин киргизилди

Британиянын премьер-министри Борис Джонсон коронавирус пандемиясынын айынан өлкөдө үчүнчү ирет карантин киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

"Коронавирустун жаңы түрү өтө тездик менен жайылып баратат. Коопсуздук үчүн чара көрүү керек. 5-январдан баштап, англис тилиндеги мектептер аралыктан иштөөгө өтүүдө. Негизги кесипти окуган балдар гана мектепке барып окуй алышат. Жарандарга үйдүн тегерегинде сейилдөөгө, дарыгерге же дүкөнгө гана чыгууга уруксат берилет. Өнөкөт оор дартка чалдыккандарга үйдөн чыкпоо сунушталган. 

Улуу Британияда коронавируска чалдыккандардын саны пандемия башталгандан бери 58 миң 784кө жетип, рекорддук көрсөткүчтү көрсөткөн. Өткөн аптада күнүнө 50 миңден ашуун адам күн сайын вирусту жуктурган учурлар катталгандыгы жазылган малыматта.