Жаңылыктар
Бири-бирин толуктаган түгөйлөр. Көзү азиз жигит менен буту баспаган саякатчы кыз
Дүйнө
Бири-бирин толуктаган түгөйлөр. Көзү азиз жигит менен буту баспаган саякатчы кыз

Тревор Хан менен Мелани Кнехт ден соолугу чектелгенине карабастан саякаттаганды жакшы көрүшөт. Мелани омурткасы сынып,тубаса майыптар коляскасын колдонот. Ал эми Тревор глаукоманын айынан беш жыл мурун көзү көрбөй калган.

Жөө жүрүш учурунда Тревор Меланини аркасына көтөрүп жүрөт. Алар биргелешип, Колорадо тоосунун чокуларын багындырып, Вайомингдеги Grand Teton Улуттук паркына чыгышкан. Тревор менен Меланинин саякатка чыккан сүрөттөрү социалдык тармактарда байма-бай жарыяланып турат. "Биргелешип биз чыныгы кыялданган командабыз" дейт Мелани. «Эң жакшы сезим - Мелани жылмайганда. Ушул учурда, менде жашоонун маңызы бар экенин сезем », - деп кошумчалайт Тревор. 

Азыр түгөйлөр мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн саякаттоону мүмкүн болушунча жеңилдетүү аракетин көрүүдө. 

«Эгерде Тревор көрө албаса, анда ал жаратылыштын кооздугуна суктанууга болбойт дегенди билдирбейт. Тревор биздин башка сезүү органдарыбыз биздин көзүбүз сыяктуу эле күчтүү экендигин эске салат.