Жаңылыктар
Айрым маршруттук таксилер Орозо айт күнү жүргүнчүлөрдү акысыз ташыды
Кыргызстан жаңылыктары
Айрым маршруттук таксилер Орозо айт күнү жүргүнчүлөрдү акысыз ташыды

Бишкектеги айрым маршруттук таксилер жана автобустар кечээ Орозо айт күнү жүргүнчүлөрдү акысыз ташып, таттуу да таратышты. Акцияны жаш активисттер уюштурду. Алар эки жылдан бери орозо жана курман айт майрамында акысыз жол жүрүү иш-чарасын өткөрүп, ыйык майрамда шаар тургундарынын көңүлүн көтөрүп келет.

Маршруттук такси менен автобустарда бейкапар отурган жүргүнчүлөргө кокустан эле жаш жигиттер аялдамадан түшүп, мусулмандардын ыйык майрамы менен куттуктап жар салганы сюрприз болду. Анан да жөн эле куттуктабастан, жүргүнчүлөрдүн маанайын көтөрүп, момпосуй да таратышты. Албетте, ыйык майрамда жүргүнчүлөр үчүн бул - күтүлбөгөн белек болду.

Жалпысынан 28 маршруттук каттам жана 2 автобус акысыз ташыды. Бирок алардын ижара акысы төлөнгөн. Ар бирине 2 миң сомдун айланасында берилди. 

Албетте, улуу майрамда жүргүнчүлөрдү акысыз ташуу соопту иш. Бирок ошол эле учурда айрымдар ислам динин башкача түшүнөт. Акцияда ислам - элге бүлүк салган экстремисттердин же жанкечтилердин эмес, тынчтыктын жана данакерликтин дини экенин жеткирүү максаты коюлган.

Ар бир жүргүнчү ыраазычылыгын билдирип жатты. Бул албетте, демейде жүргүнчүдөн рахматты көп укпаган айдоочунун да көңүлүн көтөрүп, ишине деп берип жатты.