Жаңылыктар
Шайлоого карата жер-жерлерде даярдыктар жүрүп жатат
Шайлоо 2023
Шайлоого карата жер-жерлерде даярдыктар жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарындагы шайлоо участкалары, медициналык коргонуучу каржаттар менен камсыздалды. №2095 шайлоо тилкесинде 1 миң 647 шайлоочу бар. Тизме участканын кире беришине коюлган. Жарандар өзү тууралуу маалыматты тактап алса болот. Мында шайлоо күнүнө карата даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Добуш берүү залында опетарторлор, байкоочулар үчүн орундуктар даярдалган. 

Ал эми жергиликтүү бийлик добуш берүү күнү шайлоо тилкелерин жылуулук менен камсыздоодо маселе болбойт дейт. Көпчүлүк участкалар билим берүү тармагынын мекемелери болгондуктан, мектептерде жылытуу тутуму талапка жооп берет. 8 участкага кубаттуулугу жогору болгон электр жылыткычы коюлат.