Жаңылыктар
Улуу максатка жетелеген аруу тилек
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу максатка жетелеген аруу тилек

Атасынын жардамы менен балмуздактын таякчаларынан түрдүү чакан имараттарды жасаган Тилек Алтымышовдун таланты, көргөн адамды кызыктырбай койбойт. Ал учурда балалык аруу тилектерин жүзөгө ашыруу үчүн, бардык күч-аракетин жумшап жаткан мезгили. Кичинекей куруучунун эмгектерин Социалдык өнүктүрүү министри барып көрүп кайтты.

12 жаштагы Тилек 4 жылдан бери балмуздактын таякчаларынан таң калаарлык түрдүү имараттарды жасап келет. Анын мындай өзгөчөлүгү 6 жашында сүрөт тартуудан башталган. Кийинчирек оригами менен алектенип, анын эбегейсиз зор таланты ушундай чеберчиликке жеткирип, алдыга койгон максатынан тайбай келет.
Тилек Алтымышов: 

“Чоңойгондо ушундай үйлөрдү жасасам деп кыялданам. Архитектор болуп, үйлөрдүн макетин курупчу. Мен жасаган үйлөрдө адамдар жашаса дейм. Атамдарга ушундай үй куруп берсем дейм”.
Учурда Тилектин үй-бүлөсүнүн башкы максаты аны бутуна тургузуу. Чет өлкөдө дарылатууга алардын азырынча мүмкүнчүлүгү жок. Тилектин колунан жаралган чакан имараттарды интернет булактарынан көргөндөр, чакан үй жасап берүү сунуштары же жөн гана алар кандай жашап жатканын сурап турушат. Буга чейин балмуздак таякчаларын чогултуу иши кыйынчылыкты жаратып келген.


Нурбек Курманалиев, Тилектин атасы: 

“Кыздарым ар жактан чогултуп келет, элден сурайбыз, дүкөндөрдөн артып калса бергиле, бизде ушундай бала бар эле деп сурап келдик. Кескен жерлерин, бычак менен, өгөлөгөн жерлерин өзүм жасап берем. Эми аракет кылып жатабыз. Балким эне жок болгондон кийин, ал жагы окшошпой кетиши мүмкүн. Бирок аны жоктотпогонго аракет кылып атам. Кыздарым чоңоюп калды өздөрү түшүнөт”.
Айт майрамын утурлай, Тилектин үйүнө Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев дагы келип, анын ал-абалынан кабар алды. Тилектин колунан жаралган эмгектердин арасынан көзгө алгач эле урунган кооз мечиттин баасын чечип, министр Тилектин айткан баасында сатып алды. Тилектин үйүнө айт күнү конок болгон министр кичинекей жаратмандын түйшүктүү эмгегинде маселе жараткан балмуздак таякчалары менен кошо жылуу кийим-кече, тамак-аш азыктарын тапшырды.
Кудайберген Базарбаев, Социалдык өнүгүү министри:

“Адам баласынын көңүлү назик. Бүгүн минтип биздин балабызга көңүл буруп, буга күч-кубат дем бердик. Бул бала өз күчүнө ишенип калат, коомго, баарыбызга ишенип калат. Бизде боорукерлик көбүрөөк болсо деп каалайт элем. Адамгерчиликтүү мамилелерди көбүрөк кылсак, Кудайга да жагымдуу да”.
3 жашка чейин кадимкидей чуркап ойноп жүргөн бала, минтип мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан, улуу тилегин көздөй бет алып баратканы, жарым ырыска жеткени десек болот. Айт күнү бул үйгө баргандардын бары, анын ден соолугу чың болуп, кыргыз элинин керегине жараган уулдардан болсун деп тилек кылышты.


Элдик  Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то  интересное- отправляйте нам! 

WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК :  кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118