Рамазан айы аяктап, өлкөдө Орозо айт майрамы белгиленди. Өлкөдөгү баардык мусулмандар ыйык күндү майрамдоону Айт намазын окуу менен баштады. Борбор калаадагы майрамдык намазга 10000ден ашуун эл чогулду.
Көпчүлүк таң сүрө Жеңиш аянтын көздөй агылды. Таңкы саат 6ларда чогула баштаган эл көчөгө батпай турду. Саат туура жети болгондо намазга жыгылууга ниет коюп келген мусулмандарга муфтий Максатбек ажы Токтомушев шарият, дүйнөдөгү азыркы диний кырдаал жана Рамазан айы туурасында баяндама кылды.
Кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктоого бийлик өкүлдөрү дагы келген. Быйылкы айт намаз Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү. Өкмөт башчы президенттин кыргызстандыктарга кайрылуусун окуп берди.
Ошондой эле шаар башчы Албек Ибраимов дагы кыргыз элине өзүнүн калоо-тилегин айтты.
Калың эл алдында кайрылуу, расмий куттуктоолор айтылып бүткөн соң саат 7 жарымда азан айтылып, келгендер намазга жыгылды.
Буга чейин айт намаз эски аянтта окулуп келсе, быйыл ал жакта оңдоп-түзөө иштери жүрүп, майрамдык намаз Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнө чейинки аралыкта болду. Белгиленген убакытта цирктин алдына топтолгон адамдар намаз окуп баштады.
Орозо айт намазына 10000ден ашуун адам топтолуп, айт намазы эртең мененки 8де жыйынтыкталды. Майрамга байланыштуу 5-июль өлкөдө дем алыш деп жарыяланган. Ибадатын аткарууга келген эл намаздан кийин майрамдоо үчүн тарады. Орозо айт мусулмандар үчүн өзгөчө майрам.
Мусулман дининде Орозо жана Курман айт майрамдары ыйык күн деп эсептелет. Курман айт эми 70 күн өткөндөн кийин майрамдалат.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118