Жаңылыктар
Түрк дарыгеринен шыпаа тапкандар
Ден соолук
Түрк дарыгеринен шыпаа тапкандар

Жакында Түркиянын “Мемориал” клиникасынын башкы нефрологу Мурат Тунжер Кыргызстанга келет. Бул бөйрөк жетишсиздигинин өнөкөт түрүнө кабылган бейтаптарга жакшы жаңылык. 

Буга чейин 150гө жакын мекендешибиз Тунжердин кароосунда болуп, Стамбулдан бөйрөгүн алмаштырып келген. Профессор бейтаптары менен жолугуп, бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз кеп-кеңешин берет. 

Учурда Кыргызстандын жүздөгөн жараны бөйрөк алмаштырууга муктаж. Себеби мындай операциялар жасалбайт. Ошондуктан бейтаптар чет мамлекеттен алмаштырып келүүдө. Алардын арасында президенттин квотасы менен бөйрөгүн акысыз алмаштырган жарандарыбыз да бар.

Зарыгып кезек күткөн бейтаптар. Арасында жергиликтүү тургундардан да чет мамлекеттен Стамбулга чейин келгендери көп. Баарынын максаты атактуу нефролог, профессор Мурат Тунжерден кеп-кеңеш алуу. Дарыгердин бир да мүнөт тынымы жок. Күнүнө 80дей бейтапты карайт, дарыланууну белгилейт, андан бөлөк интернет аркылуу кайрылгандарга жооп берет. Келгендердин көптүгүнө карабай дарыгер ар бирине өзүнчө мамиле жасайт. Профессорго дарыланууга Кыргызстандын ондогон жарандары да келет. 

“Менде иш көп. Эртең менен 7ден кечки 8ге чейин иштейм. Күнүнө 80дей бейтап келет. Арасында Кыргызстандан келгендери бар. Бир аптада бир бейтап Кыргызстандан кайрылат. Мен аларды жакшы көрөм. Себеби дарыгер айткандын баарын аткарат”, - дейт "Мемориал" клиникасынын бөйрөк алмаштыруу бөлүмүнүн башчысы, профессор Мурат Тунжер.

Бейтаптарды кабыл алуу профессордун жарым жумушу гана. Күн сайын бөйрөгүн алмаштыргандардын ал-акыбалын да көзөмөлдөйт. Түркияда жылына бөйрөк алмаштыруу боюнча 15 миң операция болсо, анын 250сү Мемориал клиникасында жасалат. 

Ар бир операция өзүнчө кайталангыс. Мында бөйрөктү алмаштыруу боюнча ири бөлүм иш алып барат. Эки учурда бөйрөк алмаштырылууда. Маркумдун көзү тирүүсүндө уруксаты менен бөйрөктөрүн алуу жолу менен жана жакындары тарабынан донор болгондо. Ошондо да донордун организми бейтаптыкы менен дал келиши керек.

Үмүт Эргөзгө бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операция жасалганына бир аптадан ашты. Абалы дурус, ага инисинин жубайы донор болгон. Учурда келини сакайып Эскишехир шаарына үйүнө кайткан. Мурат Тунжердин айтымында ага эң оор деген операциялар жасалды. Себеби бейтаптын кан басымы жогору, кант диабети жана жүрөк илдети менен жабыркайт. Адегенде ичкерип кеткен жүрөк кан тамырларын калыбына келтирүү боюнча операция жасалып, андан кийин бөйрөгү алмаштырылган.

“Азыр абалым жакшы. Дем алганым да мыкты. Операция болгондон кийин жашоом өзгөргөнүн туюп турам. Донор болгон келиниме ырахмат. Ага гемодиализ алып, жүрөгүмдүн оорусунан зээним кейип кеткен. Дарыгерге ыраазычылык билдирем”, - деп билдирет бейтап Үмүт Эргөз.

Мурат Тунжердин колунан Кыргызстандын 150 жараны да бөйрөк оорусу дегенди унутуп үйлөрүнө кайткан. Ошентсе да дарыгер бөйрөк алмаштырылгандан кийин бейтаптары менен интернет аркылуу байланышып турат. Дары, витаминдерди жазат. Дарыгерди бейтаптардын көбүнчө туура эмес аныктамалар менен келгени кейитет. Көбүнчө кан топтору дал келбейт. Мындай учурга да ылайыктуу жаңы ыкма колдонулуп жатат. 

“Кандын тобу дал келбегендерге кайчылаш системасы колдонулуп жатат. Бул эгер донордун каны бейтапка дал келбесе бөлөк үй-бүлөнүн донорун колдонуп, анын бөйрөгүн тигил үй-бүлөгө колдонуу. Донорлор бири-бири менен алмашса болот. 

Азыр лапораскопиялык ыкма менен дагы операция жасап жатабыз. Бул ыкма менен бейтап тез убакытта өзүнө келет. Денеге бир канча тешиктерди жасап, колтуктун алдына жасалган тешиктен бөйрөктү алмаштырабыз”, - дейт профессор.

Операция жасалгандан кийин бейтаптардын организми бөйрөктү кадимкидей кабыл алат. Тактап айтканда Мемориалдагы операциянын 98 пайызы ийгиликтүү жүргүзүлөт. Ошондуктан убакыт өткөн сайын жаңы ыкмалар колдонулуп жатат. Бул аракеттерди жүзөгө ашырууга баардык шарт түзүлгөн. Заманбап медициналык жабдуу менен жабдылган клиника АКШнын, Израилдин, Германиянын алдыңкы медициналык борборлору менен теңтайлаша алат. 

Жакынкы күндөрү профессор Мурат Тунжер Кыргызстанга келип, бейтаптарынын ар бири менен жолукканы турат. Кыргыз кесиптештерине мол тажрыйбасы менен бөлүшүп, Момориалга акысыз тажрыйба алмашууга чакыраарын айтат. 

Момориалда бөйрөктү алмаштыруудан бөлөк боорду, жүлүн мээни алмаштыруу операциялары жүргүзүлөт. Онкологиялык жана жүрөк илдеттерин дарылоо боюнча да клиника алдыңкы орунда.