Жаңылыктар
Бүгүн православдардын ыйык майрамы
Дин
Бүгүн православдардын ыйык майрамы

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстандын православдары бүгүн, 7-январда Иса пайгамбардын туулган күнү - Рождествону майрамдашат. 

Иса пайгамбардын туулган күнүн Орусиядагы, Болгариядагы, Сербиядагы жана бир катар өлкөлөрдөгү православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, католиктер Юлиан календары менен 2020-жылдын 25-декабрында өткөрүштү. Кыргызстанда христиан дининин православ багытын тутунгандардын саны болжол менен 500 миңге жакын. 

Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары белгиленген. Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө ушул тапта православ, католик багытындагы 50дөн ашык диний мекеме иш жүргүзөт.