Жаңылыктар
Кыргызстанга белгилүү америкалык жөө күлүк Дин Карназес келди
Спорт
Кыргызстанга белгилүү америкалык жөө күлүк Дин Карназес келди

Кыргызстанга дүйнөгө белгилүү америкалык жөө күлүк Дин Карназес келди. Ал 10-июлга чейин Улуу Жибек жолу аркылуу Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстанды аралап чуркап өтүү демилгеси менен сапарга чыккан. Ультра марафон Америка кошмо штаттары тарабынан каржыланган.

Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карназес «Чон-Капка» чек-ара тосотун саат 3 төн 20 мүнөт өткөндө кесип өттү. Таластыктар Карназести кыргыздын салтына ылайык нан жана каймак менен тосуп алышты. 54 жаштагы марафончу жолундагы баардык өлкөлөрдө жергиликтүү жөө күлүктөр менен бирге чуркап, спортко кызыккан адамдар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул ирет да аны чек-арадан Кызыл-Жылдыз айылына чейин чуркоону жакшы көргөн жаштар коштоп чуркап келишти.

Дин Карназес бул күнү Кызыл-Жылдыз айылында дем алып, андан сон Талас шаарын көздөй жөө чуркап келди. Аны Талас шаарынын жаштары коштоп чуркашты. Дин Карназес Талас Мамлекеттик Университетинин алдындагы Америка ордосунун окуучулары менен жолугушуп, чуркоо тажрыйбасындагы окуялары тууралуу айтып берди.

Мындан 25 жыл мурда Кыргызстанда 4-июль күнү Америка элчилиги түптөлгөн. Бул марафон да Америка менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерин чындоого багытталат. Айтымдарында спорт адамдардын улутуна жана динине карабастан аларды бириктирип турат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118