Жаңылыктар
АКШнын Жоржия штатында Сенатка шайлоодо демократ Жон Оссофф утту
Дүйнө
АКШнын Жоржия штатында Сенатка шайлоодо демократ Жон Оссофф утту

АКШнын Жоржия штатындагы Сенатка шайлоонун экинчи айлампасында демократ Жон Оссофф жеңип чыкты. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Оссофф шайлоочулардын добушунун 50,3 % алса, анын атаандашы республикачы Дэвид Пердью 49,7 % ээ болгон. 33 жаштагы Жон Оссофф АКШдагы эң жаш сенатор болуп калды. Бул жеңиш демократтарга Сенаттагы көпчүлүктү ээлөөгө жардам берет. Буга чейин Жоржия штатынан Сенатка дагы бир мандатты демократ Рафаэль Уорнок уткан. 

Мындай ийгилик шайланган президент Жо Байденге мыйзам чыгаруу демилгелерин ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. АКШ Конгрессиндеги Өкүлдөр палатасында Демократиялык партия көпчүлүккө ээ.