Жаңылыктар
COVID-19: Россияда миллиондон ашык киши "Спутник V" вакцинасы менен эмделди
Дүйнө
COVID-19: Россияда миллиондон ашык киши "Спутник V" вакцинасы менен эмделди

Россияда миллиондон ашык киши коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы менен эмделди. Бул тууралуу Гамалея атындагы илимий-изилдөө борборунун директоруна шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды. "Бүгүнкү күндө 1 миллиондон ашык киши вакцина алды. Азыр күн сайын 100 миңден доза даярдалып жатат", — деди Гинцбург.

Инфекционист коронавируска каршы эмдөөнүн таасирин айтты. Ал кошумчалагандай, Саламаттык сактоо министрлиги менен Росздравнадзор мекемеси вакцина алгандардын абалына мониторинг жүргүзүп жатат. Эч кимисинде препараттын кыйыр таасири байкалган жок. 

Белгилей кетсек, россиялык адистер дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы "Спутник V", андан соң "ЭпиВакКорона" вакцинасын иштеп чыккан. Кыргызстан дарыларды алып келүү боюнча Россия баштаган бир нече өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.