Жаңылыктар
10-январда өтө турган шайлоо өнөктүгүнө 300дөн ашык эл аралык байкоочу көз салат
Шайлоо 2023
10-январда өтө турган шайлоо өнөктүгүнө 300дөн ашык эл аралык байкоочу көз салат

10-январда өтө турган шайлоо өнөктүгүнө 300дөн ашык эл аралык байкоочу көз салат. Европа коопсуздук кызматташтык уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, КМШ баштаган уюмдардын байкоочулары Бишкекке келип, тиешелүү мекемелер менен иш алып барууда. Эл аралык байкоочулар менен Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жолугушуп, алардын шайлоодогу ишмердүүлүгү талкууланды. 

Алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө эл аралык байкоочулар үч этап менен иш алып барышат. Адистер аймактык шайлоо тилкелеринин даярдыгы менен таанышып, өлкө жетекчилиги жана талапкерлер менен жолугушуп, шайлоонун жүрүшүнө көз салуу боюнча маселелер талкууланат.

Шайлоо күнү жалпы 300дөн ашык эл аралык байкоочу иштейт. Европа коопсуздук кызматташтык уюму, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Шанхай кызматташтык уюму, мындан сырткары Түрк парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулары Бишкекке келип, жумушун башташкан. Эл аралык байкоочулар менен бүгүн Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жолугушуп, алардын шайлоодогу ишмердүүлүгү талкууланды.