Жаңылыктар
Шайлоо тилкелеринде ушул тапта акыркы даярдыктар жүрүп жатат
Шайлоо 2023
Шайлоо тилкелеринде ушул тапта акыркы даярдыктар жүрүп жатат

10-январда добушканалардын толук иштөөсү үчүн материалдык-техникалык жабдуулар өз убагында уюштурулду. Шайлоо тилкелери жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттар, бет кап, кол каптар менен толук камсыздалды. 

Шайлоочуларды идентификациялоочу жабдыктар мыйзамга ылайык шайлоо тилкелеринде добуш берүү күнүнө 1-2 күн калганда орнотула баштайт. Шайлоочулардын өздүгүн колдун манжалары менен аныктоочу адистер алдын ала окуудан өткөн. Бишкек шаарындагы №1214 шайлоо тилкеси ушул тапта шайлоо өнөктүгүнө толук даяр.

Шайлоо тилкесине келип тизмеден өзүн тактагандар бул жолу арбын болду. Андыктан шайлоочулардын көп келүүсү күтүлүп жатат.
Шайлоо тилкелери жылуу жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болуп турушу үчүн ар бир участокто генераторлор жана жылыткычтар коюлду. Ал эми өрт коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулуп, өрт өчүрүүчү жабдыктар жана сыртка чыгуучу кошумча эшиктер дагы даярдалды.

Эң башкысы санитардык эрежелердин сакталышына көңүл бурулат. Шайлоочулар арасында аралыктар сакталып, кире бериште ар бир жаранга бет кап берилип, кол кап жана башка коргонуучу каражаттар таратылат. Шайлоо тилкелери жеке коргонуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар менен толук камсыздалды.