Жаңылыктар
Жекшемби күнү күтүлүп жаткан шайлоого катыша турган жарандардын тизмеси 3 563 574кө жетти
Шайлоо 2023
Жекшемби күнү күтүлүп жаткан шайлоого катыша турган жарандардын тизмеси 3 563 574кө жетти

Бул көрсөткүч күздө өткөн парламенттик добуш берүү жараянына салыштырмалуу 40 миңден ашык адамга көп. Ошондой эле, форма 2 менен добуш берүү жокко чыгарылганына байланыштуу паспорттогу дарегин өзгөрткөн шайлоочулардын саны дагы 40 миңге чамалайт. 

Арслан Түлөбердиев Бишкек шаарынын четиндеги трансформация боло элек конушта жашайт. Мындагы жерлер мыйзамдаша элек болгондуктан туруктуу жашаган үйүнө каттоого тура албайт. Арслан буга чейинки шайлоого форма 2 менен катышкан. Бул жолку добуш берүүгө бел байлап, алдын ала даярдык көргөн. Ал үчүн туулуп өскөн мекени Токтогул районундагы Бел-Алды айылынан паспортунун дарегин Бишкек шаарына алып келип, шайлоо участогуна арыз жазып, тизмеге кирген. 



Форма 2 ыкмасы добуш сатып алууга жол ачкандыктан, бул жолку шайлоого жаңы эреже киргизилген. 2017-жылы чыгарылган паспорт менен жүргөн жарандар катталган жерин өзгөртсө, анда калкты тейлөө борборлоруна барып, паспортундагы чипти жаңыртуу талабы коюлган. Ал эми 2004-жылкы үлгүдөгү паспорт ээлери дарегин өзгөртүп жакын жайгашкан шайлоо участогуна арыз жазуусу кажет, болбосо паспорт алган аймактан добуш бере алат.

Шайлоо өнөктүгүн уюштуруп иш үстүндө болгон адамдар жана милиция кызматкерлери ошол участоктон добуш бере алат. Мындан тышкары дагы айрым категориядагы адамдар тобуна жарандык милдетин аткарууга шарт каралган.