Жаңылыктар
Кыргызстанда 18 575 жаран алдын ала же мөөнөтүнөн мурда добуш берди
Шайлоо 2023
Кыргызстанда 18 575 жаран алдын ала же мөөнөтүнөн мурда добуш берди

Кыргызстанда 18 575 жаран алдын ала же мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдиргендей убагынан эрте добуш берүүнү өтүнүп Борбордук шайлоо комиссиясына 21миң 440 жаран арыз менен кайрылган. 

Алар негизинен дарыланып жаткан шайлоочулар. Алдын-ала добуш берүү өтүнүчү менен кайрылгандардын 18 575и жарандык милдетин аткара алышты. Мамытканов бул арыз бергендердин 86,6 пайызын түзөөрүн айтты. Ал эми шартка байланыштуу добуш бере албай калгандар жарандык парзын бүгүн аткара алышат.