Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 10-январда, Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча Референдумда добуш берди.
Мамлекет башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Талант Мамытов Бишкектеги «Белек» маданий-оюн-зоок борборунун имаратындагы №1053 шайлоо участогуна барды.