Жаңылыктар
Саламаттык сактоо министри добуш берүүдө санитардык эрежелерди так сактоо зарылдыгын билдирди
Шайлоо 2023
Саламаттык сактоо министри добуш берүүдө санитардык эрежелерди так сактоо зарылдыгын билдирди

Ушул тапта сасык тумоолоп же дене табы көтөрүлүп жаткан шайлоочулар кечки саат алтыдан кийин катталган жерине барып добуш бере алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. 

Ошондой эле министр добуш берүүгө келгенде балдарды шайлоо участокторуна кошо алып келбөөнү өтүндү. Ал эми шайлоочулар өздүгүн тактоочу каттоого келгенден башка убакытта бет капты чечпөөнү эскертти. Добушканага келген учурда 1 жарым метр аралыкты сактап, добуш берип чыккандан кийин сөзсүз түрдө колун антисептик менен тазалап алуу керек.