Жаңылыктар
Нарында шайлоо өнөктүгү башталды. Теңир-тоолуктардын добуш берүүгө келүүсү активдүү
Шайлоо 2023
Нарында шайлоо өнөктүгү башталды. Теңир-тоолуктардын добуш берүүгө келүүсү активдүү

Нарында шайлоо тилкелери таң эрте эшигин ачты. Кыштын кычыраган суугуна карабастан теңир-тоолуктардын добуш берүүгө келүүсү активдүү. 

Аймактык шайлоо комиссиясынын алдын ала болжолдуу маалыматына караганда шайлоочулар бул жолу 80 пайызга чейин добуш берүүгө келээри байкалган. Ар бир шайлоо тилкесинде санитардык эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө үчүн медициналык кызматкерлер иш жүргүзүп, коопсуздук чаралары да колго алынган. Облус боюнча 202 миңден ашык шайлоочунун тизмеси такталган.