Жаңылыктар
Мамлекеттик каттоо кызматы: Шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн 563 миң 574 жаран катталган
Шайлоо 2023
Мамлекеттик каттоо кызматы: Шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн 563 миң 574 жаран катталган

Шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн 563 миң 574 жаран катталган. Бул тууралуу брифинг учурунда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди. 

Ал шайлоонун биринчи тизмесине 3 млн 544 миң 403 жаран киргенин айтты. "18-декабрдагы тизмеге 3 млн 556 миң 865 жаран, акыркы 2021-жылдын 2-январындагы тизмеге 3 млн 563 миң 574 жаран катталган", - деди ал.

Мамбеталиев белгилегендей,20-ноябрдан 31-декабрга чейин Каттоо кызматынын кызматкерлери дем алышсыз кечки саат 8гечейин иштеген. Ошондой эле, бүгүн да, Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрү кечки саат сегизге чейин иштейт.

"7-10-январь күндөрүндө да жумуш үстүндө болушту. Анткени №2 форманын жоюлганынан улам кайрылган жарандардын саны өстү. Бүгүн дагы кечки саат 8ге чейин иштейт. Паспортун алганга жетишпей калган жарандар кечкиге чейин каттоо кызматынын бөлүмдөрүнөн ала алат", - дейт ал.

Каттоо кызматынын төрагасы 119 ыкчам номери иштеп жатканын кошумчалады.