Жаңылыктар
БШК: Иштебей калган автоматтык эсептөөчү урналар оңдолду
Шайлоо 2023
БШК: Иштебей калган автоматтык эсептөөчү урналар оңдолду

Иштебей калган автоматтык эсептөөчү урналар оңдолду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди. 

Маалыматка караганда ушул кезге чейин автоматтык эсептөөчү урналардын иштебей калганы боюнча эки арыз келип түшкөн. Анын айтымында, Бишкектеги №1221 жана №7217 шайлоо тилкелеринде автоматтык эсептөөчү үкөктөр иштебей калган, учурда оңдолду. БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна шайлоо өнөктүгү башталгандан баштап 10-январга чейин 61 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен 39у ИИМге, ал эми 10у Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, 1 кайрылуу боюнча Башкы прокуратура тарабынан аныктама түзүлдү. 

Ошондой эле 6 кайрылууга БШК жана аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынган, алты маалымат боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат. Шайназаровдун айтымында, айрым президенттикке талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан буга чейин мыйзам бузуулар болгону айтылып келген. Мындан тышкары, коркутуу фактылары, үгүт маалында шайлоо мыйзамдарынын бузулушу сыяктуу кайрылуулар түшкөн.