11 шайлоо участогунда автоматтык эсептөө үкөктөрү жок. Бул тууралуу брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн алыскы аймактарында жайгашкан 11 шайлоо участогунда байланыш жок. Буга байланыштуу автоматтык эсептөөчү урналар коюлган эмес.
“Бул участоктордогу бюллетендер жакынкы автоматтык эсептөөчү үкөктөрү бар участокторго жеткирилет. Калган райондордун бардыгында автоматтык эсептөөчү урналар бар. Белгилей кетүүчү нерсе, 6900 оператор окуудан өтүп, шайлоо участокторуна бөлүштүрүлгөн. Бардык участоктордо автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыктарын алуу үчүн тестирлөө өткөрүлгөн”, - деди Шайлдабекова.